Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

ВИДЕО-Формасы айрылып, бети кан жалап. Ошто акушер сабалды

Кара-Суу районундагы Нариман аймактык ооруканасынын нөөмөттө турган акушер-гинекологу сабалган. Бул факты боюнча тергөө иштери башталганын Ош ОИИБден билдирди.

Белгилей кетсек, медицина боюнча эксперт, Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова ушул жылдын 11-июлунда дарыгерге кол салуу болгонун билдирген. Анын айтымында, жаңы төрөгөн келиндин жакындарынын бири ымыркайды өзүнө жаздырууну талап кылган. Акушер андан баш тартканда ага кол салуу болгон. Барыктабасованын айтымында, нөөмөттөгү дарыгер бир нече жаракат алып, медициналык формасы айрылган.

Бул жаңжалдан кийин дарыгер арыз менен милицияга кайрылган. Билдирүү каттоого алынып, тергөө иштери башталды.

18 Июль 2023 жыл 14:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча