
Баткен облусунун Кан айылында электр зымдарына тоскоолдук жаратат деген жүйө менен өрүк бактары массалык түрдө кыйылды.
Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Азамат Ормонов Sokol.media сайтына кабарлады. Анын айтымында, энергетика кызматкерлери короосуна уруксатсыз кирип, өрүк бактарын (21 түп өрүк, 2 түп алма, 2 түп тыт, 2түп жаңгак) кыйып салган. (жарым-жартылай түбү менен). Анын айтымында өрүк бактары эми гана бышып үлгүргөн.
«Бирөөнүн мүлкүнө бастырып кирип, уруксатсыз бактарды кыюу – мыйзамга туура келбейт. Кызыл китеби да бар. Энергетиктердин буга укугу жок болчу, эми буга ким жооп берет»,-деген ал.
Энергетика кызматкерлери Ормоновго 2 ай мурун эскертилгенин айтышкан, бирок ал уккан эместигин жана уруксат кагазын да көрсөтушпөгөнүн, бак-дарактардын кыйылганын көрүп кан басымы көтөрүлүп кеткенин кошумчалады.
Бул маалымат тууралуу Sokol.media сайты Энергетика министрлигин Баткен облусундагы филиалына кайрылганыбызда дүйшөмбү күнү жооп бере тургандыгын айтышты.