Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

ВИДЕО-«Аллах Таалага шүгүрлөр». Орусиялык блогер кыргызстандык жубайларга унаа белек кылды

Белгилүү орусиялык блогер Михаил Тимочко кыргызстандык үй-бүлөгө жарым миллион рублга унаа белек кылды. 14-августта блогер өзүнүн сюжеттерине «Мени менен эмне кааласаң ошону кыл» деген батлга катышканын жарыялаган.

«Акыркы тапшырма өтө кызыктуу: кокусунан өтүп бара жаткан адамга машина берүү. Мен өмүрүмдө мындай кылган эмесмин. Кечээ мен бул унааны 550 000 рублга (болжол менен 506 000 сом) сатып алгам. , бүгүн мен аны жөн эле көчөдөн өтүп бара жаткан адамга берем”, — деген блогер Instagram баракчасында.

Михайил унаасынын терезесинен баласы менен кетип бара жаткан жубайларды көрүп: «Ушу жубайларга унааны бериш керек окшойт деп ойлодум», — дейт блогер.

«Биз өтүп бара жатып сиздерге унаа белекке берели деп чечтик. Сиздерге унаа керекпи? Тамаша эмес» деп өтүп бараткандарга кайрылган.

Аял: «Эмне үчүн бересиз? Чынбы, же эмне?!»,-деп таң калган.

Аялдын айтымында, ал үйдө бала менен отурат, жолдошу куруучу болуп иштейт.

Андан соң жубайларга бул үчүн таптакыр эч нерсе керек эмес деп, документтерин жана унаанын ачкычын апшырышкан.

Кийинчерээк бактылуу болгон жубайлар кыргызстандык экени белгилүү болду. Унааны алган Айдана Бекмамбетова Инстаграм баракчасына «Керек учурда керектүү жерде болуп калганыбыз үчүн Аллах Таалага шүгүрлөр» деп билдирүү калтырган.

15 Август 2023 жыл 10:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча