
https://www.instagram.com/reel/C9mLHg8s3D2/?igsh=MThxNnh3bzJkc2lhcw==
Ысык-Көл облусунун тургуну Назгүл Стамбекова адилеттүүлүк издеп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.
Назгүл Стамбекова: “Уулум Чынгыз Кудайбергенов Бостери айылында 3 айдан бери куткаруучу болуп иштеп жаткан. 8-июль күнү жолдо мас абалында жаткан кызга жардам берүү үчүн жанына барган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери баламды “Зордуктоого аракет кылды”- деп айыптап, убактылуу кармоочу жайга алып барышкан. Ал жактан кыйноого алып, денесине залал келтиришкен. Учурда уулум ооруканада, башынан оор жаракат алгандыктан көзү көрбөй жатат.Өзү кылбаган ишти мойнуна алдыруу максатында дал ушинтип кыйноого алган милиция кызматкерлерине качан чара көрүлөт? Мага окшоп сыздап олтурган энелер канча?”