Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.
Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунда Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусупов тосуп алды.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар орун алат.
2024-жылдын 22-23-апрелинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү орун алып, анын алкагында кыргыз-британиялык кызматташтыгынын келечеги жана перспективалары кеңири талкууланат.
Ошондой эле, Лорд Кэмерондун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландалган.