Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
1 10

Улан Ниязбеков: «Туристтик сезон учурунда жарандардын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун татыктуу камсыздоо милдети турат»

8 / 100

2024-жылдын 12-июнунда  ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер
органдары тарабынан алты айлыкты ийгиликтүү жабуу жана жүргүзүлүп жаткан
коопсуздук иш- чаралары тууралуу  онлайн кеңешме өткөрдү.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков ички иштер органдары
– тынчтыкты камсыз кылуу чөйрөсүндө олуттуу тажрыйбага ээ болгондуктан,
алдыбызда  аткара турган иштерибиз арбын экенин билдирди.
«Анын ичинде, туристтик сезон учурунда жарандардын жана чет элден келген
коноктордун коопсуздугун татыктуу камсыздоо милдети турат.

Ошондуктан, 8-июнь күнү Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондун
ачылышына багытталган Ички иштер министрлигинин гарнизондук бөлүштүрүү
иш-чарасын өткөрүп, багыттуу тапшымаларды берип, негизги максаттарды
белгиледик. Ага өзүңүздөр күбө болдуңуздар.

Туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү маселеси Ысык-Көл облустук ички
иштер башкармалыгына гана тиешелүү эмес. Андыктан, коюлган талаптар
менен тапшырмаларды баардык ички иштер органдары кынтыксыз аткарууга
милдеттүү болуп эсептелет. Коопсуздукка багытталган иштердин баарын
ырааттуу жана сапаттуу аткарып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барыңыздар.
Туристтик сезон мезгилиндеги коопсуздук маселесин келерки коллегияда
карап, ар бир регион боюнча өз алдынча баа беребиз. Ага чейин, тиешелүү
иш-чараларды күчөтүп, иш алып барууну табыштайм»,-деди ИИМ башчысы.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен
башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул
багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин
Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад,
Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын
ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери
катышты.

12 Июнь 2024 жыл 7:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча