Ош облусунун 28 жаштагы тургуну Куштарбек Муктар уулу Орусия аскерлеринин катарында Украинадагы согушка катышкан деген айып менен беш жылга соттолгон. Жакындары ал согушка түздөн-түз катышпаганын, аны Украинага алдап алып кетишкенин билдирүүдө.
«Ал Орусияда көп жыл иштеген. Акыркы жолу 2022-жылы июнда кеткен. Аны менен көпкө байланыша алган эмеспиз. Сентябрда офицерлер видео аркылуу чалып, Куштарбек аман-эсен экенин айтып, аны бизге көрсөтүшкөн», – деди атасы.
Ал уулунун карызы көбөйүп, «Телеграмдагы» жарнама боюнча согушка кеткенин кийин билгенин айтууда.
«Ага үч миң рубль убадалашкан, бирок ал акчаны алганда дагестандык эки офицер 2 миллион 200 миң рублин тартып алышкан. Алар калган сумманы да талап кылгандан кийин уулум аскер бөлүгүнөн качып кеткен. Ал Кыргызстандын элчилигине барып, паспортун жоготуп алганын айтып, мекенине кайтып келген», – деди атасы.
Жакындарынын айтымында, Куштарбек Украинада жети айга жакын жүргөн. Бул аралыкта ал эки олуттуу жаракат алган. Былтыр ноябрда Кыргызстанга кайтып келгенден кийин жеке ооруканада дарыланган.
«Ал фронтко мартта барып, эки айдан кийин эле контузия алган. Экинчи жолу анын жанында снаряд жарылган. Ал эс-учун жоготуп, командирлери каза болуп калышкан», – деди апасы Бурул.
Куштарбек сакайгандан кийин ата-энеси УКМКга өздөрү кайрылып, февралда ал камакка алынган.
10-майда Ош облусунун Араван райондук соту Куштарбек Муктар уулунун иши боюнча өкүм чыгарган. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөй турганы белгиленген.
Куштарбектин ата-энеси райондук соттун бул өкүмүнө каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берген. Алар уулунун укук коргоо органдарына өзү барганын жана анын үй-бүлөлүк абалын (жубайынын сегиз айлык боюнда бар экенин) эске алууну өтүнүп жатышат.
Кыргызстандын мыйзамдарында башка өлкөнүн тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Куштарбек Украинадагы согушка катышканы үчүн мекенинде соттолгон үчүнчү кыргызстандык болуп калды.