Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.
ЖОЖдор алты критерийдин негизинде бааланды:
Өзгөчө макамдагы 6 алты университет (КММА, КМТУ, ОшМУ, КУУ, КУАУ, КРСУ) жогорудагы бардык критерийлер боюнча жалпы рейтингинде топ-7нин ичине кирди. Төмөндө топ-10го кирген университеттер:
Ар бир критерий боюнча университеттердин көрсөткүчү менен https://rating.kg/rating/about-overall-rating сайтынан таанышууга болот.
Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында маалыматтарды берүүгө макул болгон 27 университет менен келишимдерге кол коюу менен башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.