Бүгүн, Ысык-Көл областында бардык облустук башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен КР УКМКнын төрагасынын кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакияда башталды.
Аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдиргендей, быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол үстүндөгү теннис боюнча спорттун беш түрү менен күч сынашат.