Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
d2d72835 6502 35e5 ac46 7a7d7c12c1b4

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин жолугушуусу болуп өттү

8 / 100

Малайзияга расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимге жылуу сөздөрүн билдирүү менен жакынкы убакытта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакыруусун жолдоду. Министр Ж.Кулубаев Малайзия Кыргызстандын түштүк-чыгыш багытындагы тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Малайзия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин ырастады.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана кыргыз-малайзия мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде билим берүү, халал индустрия, инвестициялык секторду, ошондой эле биздин мамлекеттердин ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, кайра салам жолдоону өтүндү. Премьер-министр Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүү чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

3 Апрель 2024 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча