Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
Screenshot 2023 08 30 18 51 49 589 com.android.chrome edit

“Тулпар” картасы менен төлөнсө 17 сом болот. Мэрия жол киренин жаңы тарифтерин сунуштады

9 / 100

Бишкек мэриясы жол киренин жаңы тарифтерин сунуштады

Вице-мэр Максат Сазыкуловдун айтымында, жол кирени өздүк нарктан (19,7 сом) кымбаттатпай турган болушту. Тагыраагы, эми накталай төлөм менен жол кире 20 сом, накталай эмес, “Тулпар” картасы менен төлөнсө 17 сом болот.

Ошондой эле, мэрия мамлекеттик өнөктөш Mega менен меморандумга кол койгонун билдирди. MegaPay менен жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Өздүк наркты жабыш үчүн калган 6 сомду аталган компания төлөп берсе, мэрия 3 сомун жабат.

Сазыкулов мэрия башка компаниялар менен дагы иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин жол киренин өздүк наркын жабыш үчүн накталай төлөмдү 25 сом, накталай эмести 20 сом кылуу сунушталган.

Булак: Спутник кж

22 Декабрь 2023 жыл 8:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча