Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Токтоо, боорукер бала болчу». Марштрука сүзүп өлтүргөн окуучу тууралуу туугандары айтып берди

8 / 100

1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 8-чакырымында болгон. Анда «АЙМЭ» ЖЧКга караштуу №374 «Бишкек — Кара-Балта» мрашруттук каттамында жүргөн “Мерседес бенц 313” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты карай бара жатып түндүктөн түштүктү көздөй жөө өтмөктөн журкап чыга калган 2015-жылы туулган А.А.ны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болуп калган.

Турмуш басылмасы каза болгон баланын жакындары менен байланышка чыкканда алар «Али сабактан келе жатып каза болду. Кырсык болгон учурда апасы үйүндө болчу. Жолдон өтүп бара жаткандар баланын телефонун алып, апасына чалышкан. Апасы ошол замат жетип келген. Али абдан боорукер, күчтүү жана токтоо бала болчу. Жакындарына кыйын болду» — дешкен алар.

Кырсыкка күбө болгондор Алинин жанында апасы жарым саат отурган.

2 Апрель 2024 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча