Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Токтогулда ат менен бангизат ташып бара жаткан жаран кармалды

Токтогул милициясы 2 кап баӊгизатты атына артып келе жаткан жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти

Маалыматка караганда, 11-сентябрга караган түнү саат 01:20 чамасында Токтогул районунун аймагында ат минип келе жаткан 25 жаштагы тургуну Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан текшерилген.

Текшерүү учурунда анын атына артып келе жаткан 2 даана капка салынган салмагы 10 килограмм 345 граммды түзгөн, чөп формасындагы өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат алынган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

14 Сентябрь 2023 жыл 7:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча