Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Токмокто компьютердик клубда 17 жаштагы өспүрүм каза болду

Чүй ОИИБнин маалыматына караганда, 1-сентябрь күнү саат 23:30да Токмок шаарында жайгашкан компьютердик клубда 2006-жылы туулган өспүрүм өзүнүн достору менен ойноп жатып, өзүн жаман сезип эс-учун жоготкон. Аны достору Чүй районунун ооруканасына жеткирип, бирок 2-сентябрда жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.

Аталган окуя Чүй РИИБге каталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда текшерүү иши жүрүп жатат.

4 Сентябрь 2023 жыл 8:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча