Чүй областынын Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 3,8 га болгон 4 жер тилкеси жана Чокморов көчөсүндөгү нан заводунун мурдагы имаратынын айланасындагы жалпы аянты 23,6 га түзгѳн 2 жер тилкеси шаардын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кыймылсыз мүлктөрдү эсепке алуу реестрине киргизилбегендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура Токмок шаарынын мэриясына прокурордук талап келтирип, натыйжада 61 млн 597 миң 698 сомго бааланган жогорудагы жер тилкелери шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынды.