Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 29-30-апрель күндөрү тез жардам, өзгөчө кырдаалдар жана ИИМдин кызматтык унаалары шашылыш түрдө атайын үн коштоочу маяктар менен бара жаткан учурда, башка катардагы унаалар жол бошотуп берүүсүнө чакырган “Маяк” аталышындагы рейддик иш-чарасын өткөрдү.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин алкагында жалпы эки күн ичинде 2356 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталып, анынын ичинен 78 тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген айдоочуларга 78 000 сом айып салынды.