
Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо иштери жүрүп жатканын Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды. Ошондой эле кармоо учурунда 2 адам каза болгону да болжолдонууда. Ал жерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин барганы айтылган.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев «Тез жардам» кызматынын унааларын текшерүү үчүн барганын, тез эле кетип калганын айтты. Ал эми соцтармак колдонуучулары Камчы Көлбаевдин жаракат алганын жазып жаткан боюнча «менин маалыматым жок» деп Сереп.медиага жооп берген.