Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ташкентте кампадагы жарылуудан 16 жаштагы өспүрүм мерт болду

Ташкенттин Сергели районунда жайгашкан кампадагы жарылуудан 16 жаштагы өспүрүм каза болуп, 163 адам жаракат алды. Gazeta.uz басылмасы билдиргендей, жарылуу учурунда терезенин алкагы баланын үстүнө түшкөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24 адам ооруканага жаткырылды.

Калган 138 жабырлануучуга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү.

28-сентябрь күнү таңкы саат үчтөр чамасында Ташкент Inter Logistics компаниясынын кампасында катуу жарылуу болуп, өрт чыккан.

Социалдык тармактарда жарылуунун видеолору тарап жатат. Жакын жердеги батирлердин, дүкөндөрдүн жана башка имараттардын терезелери сынганы айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя учактын кыйрашынан улам болгону тууралуу социалдык түйүндөрдө тараган маалыматты четке какты. Uzbekistan Airports компаниясы жарылуу Ташкент аэропортунун ишине таасирин тийгизбегенин жана аэропорт кадимки режимде иштеп жатканын билдирди.

Коргоо министрлиги жарылуунун кесепеттерин жоюу жана аймакты тазалоо үчүн Ташкент аскер округунан, Куралдуу күчтөрдүн академиясынан жана жашыруун объектилерди кайтарган аскерлердин командачылыгынан миңге жакын аскер кызматкерин тартты.

28 Сентябрь 2023 жыл 12:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча