Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 06 20 at 10.14.58

Тапанча менен эки жолу аткан. Чолпон-Ата шаардык кеңештин депутаты кармалды

6 / 100

Июнь айынын башында ИИМге арыз менен Чолпон-Ата шаарынын тургуну Ы.Б. кайрылган. Анда ал 2022-жылдын октябрь айында шаардык кеңештин депутаты А.У. себеби жок травматикалык тапанча менен аны эки жолу атып, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.
Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу укук коргоо органдарына кеч кайрылуусунун себебин депутат К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, өз өмүрү жана ден соолугу үчүн корккондугу менен түшүндүргөн.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Ысык-Көл облусунун аймагында 1979-жылы туулган А.У. кармашты.
Кармалган жаран А. У. Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз республикасынын жазык процессуалдык кодексинин 96 беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайында киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

20 Июнь 2024 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча