Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында Талас облусунда айыл өкмөттүн өкүлдөрүнө жана имамдарга экстремизмди жана терроризмди алдын алуунун жолдорун үйрөткөн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусу боюнча өкүлү Темирлан Нурадилов, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаштар жана аялдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Султаналы Гапуров тренер катары чыгышып, айыл өкмөттүн өкүлдөрүнө жана имамдарга салттуу исламдын концепциясы, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясы, экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдөгү заманбап мыйзамдар, Талас облусундагы жалпы диний кырдаал жөнүндө кенен айтып беришти.
Андан сырткары жергиликтүү ички иштер органдарынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, диний уюмдардын өкүлдөрү жарандардын радикалдашуусун жана экстремисттик аракеттерден алдын алууда көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти.
Жергиликтүү тургундар, анын ичинде аялдар менен жаштардын экстремисттик-террористтик уюмдардын катарына кошулуп кетүүлөрүн алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги, бул багытта милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруулары эскертилди. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганы жарандарга эскертилиши керектиги айтылды.
Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер жоопторду беришти.
Белгилей кетсек, семинар Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.