Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Таласта 30дан ашык жылкыны Казакстанга айдап кирип кетишкен

29-апрелде Манас районунун Сөгөт айылында 30дан ашык жылкы жоголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, үйүрдү .

«Бул боюнча уурулук факты менен иш козголгон. Укук коргоо органдары иштеп жатат. Бирок мал Казакстандын аймагына айдалып кеткени айтылып жаткандыктан Ички иштер министрлиги тарабынан көзөмөл зарыл болуп турат. Анткени башка өлкөдөн малды кайтарып алыш керек. Мал ээлери чоң чыгымга учурап олтурат», — деди эл өкүлү.

Буга чейин дагы Таласта бир нече жолу үйүр жылкы жоголгон.

17 Май 2024 жыл 7:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча