Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 24-май түнү үч адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
27 жаштагы аял, анын төрт жаштагы кызы жана эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылды. Үйдөн сайсыз ок атуучу курал жана балта табылды.
«Далил катары сайсыз ок атуучу курал менен балта алынган. Кылмышка шектелип ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду. Анын алкагында соттук-медициналык, биологиялык, баллистикалык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.
Ал издөөгө алынды.