Талас облусунда болгон кандуу окуя боюнча ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы толук маалымат берди. 24-майда милицияга 26 жаштагы аял жана анын эки баласы, 4 жаштагы кызы жана 2,5 жаштагы уулу өлтүрүлгөн деген маалымат түшкөн. Кан болгон балта жана ок атуучу курал окуя орун алган жерден табылган. Шектүү катары 46 жаштагы К. Н.аттуу жергиликтүү тургун кармалып, көзү тазаланган. Шектүү каза болгон келиндин кайынагасы экени белгилүү болгон.
Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, буга чейин бир туугандар мүлк талашып, 2018-жылы К. Н.тууганына бычак менен кол салып, аны өлтүрүүгө аракет кылган, бирок бул аракети ийгиликке ашкан эмес. 2018-жылдын март айында Кара-Буура райондук соту киши өлтүрүүгө аракет кылган адамды күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан.
2023-жылдын мартында ал эркиндикке чыккан.
Окуя болгон күнү, саат 11лер чамасында шектүү инисинин үйүнө келген. Ал ага таарынып, мамилесин билгиси келген, бирок тууганы үйдө болгон эмес . Муну билген шектүү К.Н инисинин аялын балта менен союп, балдарын атып, андан соң тоого качып кеткен