Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

ТИМ Тайландда зордуктоого айыпталган кыргызстандык тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жаран Тайландда зордуктоого айыпталып жатканы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 11-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны зордуктоого айыпталган кылмыш иши боюнча Тайланддын тиешелүү органдары тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги шектүү жаран менен байланышып, ага зарыл болгон укуктук-консулдук жардам берип жатат. Өлкөнүн Тайланддагы Ардактуу консулу көмөктөшүп жатканы кабарланган.

ТИМдин маалыматында кыргызстандык жаран кабылган иштин чоо-жайы тууралуу жазылган эмес.

12 Сентябрь 2024 жыл 6:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча