Түркиянын бир катар аймагында Курман айттын урматына союла турчу бодо мал курмандыкка чалынар маалда үркүп качып, элге бир топ түйшүк жараткан.Жергиликтүү басылмаларда жарыяланган видеотасмаларда букалар адамдарга кол салып, элди аралап качканын көрүүгө болот.
Ошондой эле Стамбулдун Арнавуткөй районунда мал союу учурунда 56 жаштагы касапчынын жүрөк оорусу кармап, кокустуктан каза болгону айтылды.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреддин Хожа курмандык чалуу учурунда түрдүү жараат менен оорукаларга 16 миңге чукул адам кайрылганын маалымдады. Алардын арасында 1 миң 274 адам Анкара шаарында, 840 адам Стамбул, 416 адам Измир шаарында катталган.