Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Төрөт үйүндө акыреги сынып, мээсине кан куюп калган ымыркайдын атасы Жапаровго кайрылды

Ысык-Көлдөгү акыреги сынып, мээсине кан уюп калган ымыркайдын атасы Аман Кыдыралиев дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, Садыр Жапаровго кайрылды.

«Менин келинчегим 10-августта потология бөлүмүнө жаткырылган. Ошол жерде кесарево менен төрөйсүң деп, документ толтурушкан. 13-август күнү таңкы саат 04:00 чамасында толготуп, дарыгерлер көзөмөлгө албастан, өзү төрөгөн. Ымыркайдын жана апасынын акыбалы оор. Садыр Жапаров, кайрылууну кабыл алсаңыз. Акыреги сынган, мээсине кан уюп калган. Көзөмөлгө алып берсеңиз«,- деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө башталгандыгын билдирген.

«Биз бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Окуяга күнөөлүү медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө аныкталган мыйзам бузуулар мыйзам чегинде катуу жазаланат», — дешкен алар.

16 Август 2023 жыл 7:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча