Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Свердлов районунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өтөт

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо 30-июнга белгиленди.

Белгилүү болгондой, буга чейин соттун чечими менен Бишкектин Свердлов районунан депутат болгон Шайлообек Атазов мандатынан ажыратылган. Ага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы президентке аталган райондо мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча сунуш жолдогон.

17 Май 2024 жыл 7:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча