Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Сузактагы кырсыктан жабыркаган 10 балага телефон тартууланды

Сузактагы кырсыктан кийин Бишкеккетеги балдар ооруканасында дарыланып жаткан 10 окуучуга телефон тартууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Белекти И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев тапшырды.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынак учурунда балдарды Porter тебелеп кеткен. Анда  29 бала жабыркап, 18и ооруканага түштү. Оор абалдагы 10 бала Жалал-Абаддан Бишкекке которулду.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 милиция кызматкери тартиптик жазаларын алышты.

14 Май 2024 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча