Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Суу казан жарылган. Ошто мончодон өрт чыгып, жети адам жабыркады

Ошто мончодон өрт чыгып, жети адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 5-июнда шаардагы Кокумбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккандыгы тууралу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 1 бөлүм тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.

5 Июнь 2024 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча