Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
images 5 e1730091066343

 Сутка ичинде өлкө аймагында 73 мас айдоочу кармалды

9 / 100

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу  жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында дем алыш күндөрүнүн соңунда өлкө аймагында “Бахус” аталышында рейдтик иш-чарасын өткөрүп, сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкташты.

Алардын ичинен:

-мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,

-карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;

— ылдамдыкты ашырып  айдаган 432 айдоочу;

-терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;

-тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 Мындай рейдтик иш-чара жол  кырсыктарынын алдын алуу максатында бүгүн да уланат. Андыктан баардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.

28 Октябрь 2024 жыл 7:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча