Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Студенттер окуу жайсыз калды. Башкы прокуратура бир окуу жайды жапты

Башкы прокуратура Башкаруу академиясын (МАУПФиБ) жаап, 445 млн. сомдук мүлкүн мамлекетке өткөрткөн.

Академиянын негиздөөчүлөрү Касийра Назарматова жана башкалар 2003-жылы үч кабаттуу окуу корпусун, беш кабаттуу жатаканасын жана 1,7 гектар жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышканы аныкталган. Анын мамлекетке төлөбөй койгон ижара акысы 200 млн. сом деп эсептелди.

Ал эми Билим берүү министрлиги аталган ЖОЖдун лицензиясын жокко чыгарды. Студенттерди башка окуу жайларга которуу каралып жатат.

@Sputnik_Kyrgyzstan

17 Август 2023 жыл 12:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча