Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
2584534.50e50d1c972c05de8c0a5587181dc5c4.500 e1729766313193

Спортчу Разак Бейшекеев грек-рим боюнча дүйнө чемпиону болду

8 / 100

Кыргыздын дагы бир жаш балбандарынын бири Разак Бейшекеев грек-рим боюнча дүйнө чемпиону болуп,алтын медальга ээ болду.

2024-жылдын 22-октябрында Тиранада шаарында (Албания) 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү.

«АК ИЛБИРС» спорт мектебинин окуучусу Разак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак ченинде мыкты спорттук чеберчилигин жана мүнөзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп, алтын медаль тагынды.

Баардык этаптарды ишенимдүү басып өтүп. 1/16 финалда албаниялык балбан Д.Дажани менен беттешип, 10:1 эсебинде жеңишке жетти. 1/8 финалда азербайжандык балбан Ф.Халиловду жеңип, 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Чейрек финалда Бейшекеев япониялык балбан Х.Ябени 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, жарым финалда польшалык балбан А.Салимовду жеңип, финалга чыгууну камсыздаган.

Грузин балбаны Д.Чхиквадзе менен финалдык жолугушуу Разактын жеңиши менен аяктап, ага алтын медаль жана дүйнө чемпиону наамын алып келди.

24 Октябрь 2024 жыл 13:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча