КР УКМК коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,0713 га жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарып берди.
Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлдөрү менен бүтүмгө келишип, ар кандай оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн Тоголок-Молдо көчөсүндөгү (мурдагы «Каёт» түнкү клубу) муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бергендиги аныкталды.
Ошол эле учурда аталган жер тилкеси «Спартак» стадионунун кичи аренасынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер болуп эсептелинген. Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын башкы планына жана КР Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкесин баштапкы ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденип, азыркы учурга чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы ээси Ж.С.К. тарабынан аянты 0,0713 га, баасы 18 300 000 сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. КР УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар улантыларын эскертет.
ГКНБ КР: Государству возвращен земельный участок малой арены стадиона «Спартак» стоимостью 18,3 млн. сомов
ГКНБ КР в рамках уголовного дела по факту коррупции на баланс мэрии г.Бишкек возвращен земельный участок, площадью 0,0713 га на пересечении улиц Тоголок Молдо и Фрунзе.
Так, в ходе проведенных следственно-оперативных мероприятий установлено, что в 2009 году отдельные должностные лица мэрии г.Бишкек и ее структурные подразделения вступив в сговор с представителем субъекта предпринимательства незаконно предоставили в частную собственность муниципальный земельный участок по ул.Тоголок-Молдо (бывший ночной клуб «Кайот») под проектирование и строительства различных развлекательных и увеселительных заведений.
При этом, данный земельный участок относился к территории малой арены стадиона “Спартак” и являлся землями общего пользования населенных пунктов. Согласно Генерального плана г.Бишкек и Земельного кодекса КР земли общего пользовния населенных пунктов не предоставляются в частную собственность.
В результате проведенных комплексных мер, в рамках уголовного дела был доказан факт незаконной выдачи земельного участка первичному владельцу и по настоящее время указанный земельный участок неоднократно продовался и последним владельцем “Ж.С.К.” передано на безвозмездной основе в муниципальную собстенность вышеуказанный земельный участок площадью 0,0713 га, оценочной стоимостью 18 300 000 сомов.
В настоящее время проводятся следственные и оперативно-розыскныке мероприятия по установлению причастных должностных и иных лиц, а также ГКНБ КР предупреждает что работа по выявлению и пресечению аналогичных фактов продолжается.