Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 06 06 at 12.46.04

Социалдык тармакта Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жаран аныкталды

8 / 100

Кадамжай РИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Баткен облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Нелегал-Трафик” аталышындагы иш-чаранын алкагында социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаранды аныктады.
Таркатылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып анын корутундусунда коомго таркатылган материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги белгилүү болду.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Баткен облусунун 33 жаштагы тургуну И.А. экендиги аныкталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

6 Июнь 2024 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча