Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери өздөрүн борбор калаанын райондук администрациясынын социалдык кызматкерлери катары тааныштырып, бир катар тоноо жана алдамчылык фактыларына шектүүлөрдү кармашты.
Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге К.В. аттуу жаран эки белгисиз аялдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби, 2024-жылдын 16-апрелинде Шопоков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде алдын ала өздөрүн райондук администрациянын социалдык кызматкери катары тааныштырышып, үйүнөн 640 миң сом акча каражатын уурдашкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган факт райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- (Уурдоо) жана 209 -(Алдамчылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган И.Т., жана 1985-жылы туулган А.Г., аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилишип. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Учурда милиционерлер тарабынан алардын ушул сыяктуу 8ден ашык кылмышка тиешеси бар экенин аныкталды.
Абайлаңыздар! Социалдык кызматкерлер күтүүсүз келбейт. Ал үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына арыз менен кайрылышыңыз керек. Андан кийин арыз берүүчүгө камкорчулукка дайындала турган кызматкердин фамилиясы жана аты-жөнү билдирилет. Эшикти сиз тааныган социалдык кызматкерге гана ачыш керек.
Көңүл бургула! Урматтуу жарандар, кол салуучулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, дароо 24 саат бою байланышта болгон 102 кыска номуруна чалыңыз.