2024-жылдын январь-май айында пенсияга 36 млрд 61 млн 285 миң 328 сом каржыланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирет.
Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:
- Бишкек шаары — 5 млрд 940 млн 908 миң 566 сом;
- Чүй облусу — 5 млрд 426 млн 142 миң 191 сом;
- Нарын облусу — 2 млрд 823 млн 155 миң 454 сом;
- Ысык-Көл облусу — 3 млрд 239 млн 316 миң 569 сом;
- Талас облусу – 1 млрд 484 млн 650 миң 809 сом;
- Ош шаары – 1 млрд 301 млн 808 миң 269 сом;
- Ош облусу — 6 млрд 571 млн 630 миң 826 сом;
- Баткен облусу — 3 млрд 96 млн 378 миң 604 сом;
- Жалал-Абад облусу — 6 млрд 177 млн 294 миң 40 сом.