
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин карап жатат.
Жыйындын жүрүшүндө судья Адылбек Эсенбаев айыпталуучулардын баш коргоо чарасын узартуу зарылдыгын билдирди.
Прокурор Алмазбек Бейшеналиевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Мурдагы чиновниктин жактоочулары анын баш коргоо чарасын сыртка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүүнү суранышты.
Адвокаттар өтүнүчтү айыпталуучу соттон жашырынбай, отурумга өз убагында келип жатканы менен негиздешти.
Жыйынтыгында сот Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты.
Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн акча талап кылган. Келтирилген зыяндын орду толтурулгандан кийин мурдагы аткаминер камактан бошотулган.