Достор! Сонун жаңылык! «Кыргыз темир жолу» дагы жапжаңы VIP-купе вагонун ачты.
Бул вагондун ичинде 6 купе бар, алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео система, ар бир купеде абаны муздатуу системасы каралган. Ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон.Вагондо кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт.Билеттерди ticket.railway.kg сайтынан жана анын Android жана iOS мобилдик тиркемелеринен, ошондой эле Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан Бишкек-2 бекетинин кассаларынан накталай жана накталай эмес бардык улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу сатып алсаңыз болот.