Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 07 16 at 10.36.57 1

Сокулукта мыйзамсыз медресе аныкталды

12 / 100

Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды жакшыртуу жана ар
кандай салттуу эмес агымдардын идеологиясынын диний чөйрөгө таасирин
минималдаштыруу максатында КР УКМК тарабынан тиешелүү иштер
жүргүзүлүүдө. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук
районунун аймагында өз ишмердүүлүгүн тийиштүү дин иштери боюнча ыйгарым
укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана эч кандай документтери жок «медресе»
диний билим берүү мекемеси түзүлгөндүгү аныкталды.


Буга байланыштуу аталган медресенин ишмердүүлүгүн ИИМдин,
ӨКМдин, СЭСдин, райондук мамлекеттик администрациянын, архитектура жана
диний чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык комиссия
комплекстүү текшерип, жыйынтыгында КР Дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү
мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-
эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгы аныкталды.
Алсак, текшерүү маалында медреседе атайын окуу программасы жок
республиканын башка аймактарынан келген 12 жаштан 15 жашка чейинки жашы
жете элек 7 бала билим алып жатканы такталды.


Учурда медреселердин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-
энелерине өткөрүлүп берилди, ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү
уюштуруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө «Дин
тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» боюнча
каралган санкциялар колдонулууда.


КР УКМК балдарын диний окуу жайларга жөнөткөн ата–энелерди жана
жарандарды медреселердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун алдын ала
текшерүүгө, анын ичинде эсептик каттоого алуу, тийиштүү уруксат, лицензия жана
белгиленген окуу программасынын бар-жоктугун текшерүүгө чакырат.

WhatsApp Image 2024 07 16 at 10.36.56 1
16 Июль 2024 жыл 10:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча