
Сокулуктун Кашка-Баш айылында 23 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип бир тууган иниси кармалды.
Чүй ОИИББден билдиргендей, 23-августта Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2000-жылы туулган Д.М. аттуу кыздын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн уктоочу бөлмөсүндө табылды деген билдирүү түшкөн. Анын башында жаракаттары бар экени айтылган.
Бул факты каттоого алынып, 122-берене («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси — 2008-жылы туулган Ж.М. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.