Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 09 26 at 09.37.13

Сокулук районундагы «Эдельвейс» балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

12 / 100

Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан, жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар «Эдельвейс» балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды.
Маалым болгондой, 2004-жылы аталган лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра сатканы аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ден соолукту чыңдоочу балдар лагери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, мында объекттин баалоо наркы 320 млн.651 миң сомду түздү.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.


26 Сентябрь 2024 жыл 6:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча