Жазаларды аткаруу кызматынын № 19 мекемесинде текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Текшерүүдө, ЖАКтын кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон М.К. аттуу жаранды кармоо режимин бузуу фактылары бар экендигине карабастан, ага карата жазаны өтөө режиминин түрүн өзгөртүү жөнүндө сотко сунуш киргизишкени аныкталган.
«Натыйжада, аталган сунуш сот тарабынан канааттандырылып, ал эми өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон М.К.нын андан ары жаза өтөө режими мыйзамсыз жеңилдетилип, мөөнөтүнөн мурда бошоп кетүүгө жол ачылган.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгына жиберилди», — деп билдиришти прокуратурадан.
Мындан сырткары, прокуратура тарабынан мыйзамсыз кабыл алынган соттун чечимине карата апелляциялык сунуш келтирилип, кароо алдында турат.