Айпери Медет кызы (W76) Сербияда өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыгып, ошону менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия (билет) утуп алды.
Финалда Айпери япониялык Юка Кагами менен кез келет.
Беттеш бүгүн, 20-сентябрда саат 22:15те (Бишкек убактысы боюнча) башталат.
Видео: sport.gov.kg и kyrgyzstan_wrestling_official