Сауд Арабияда ажылык учурунда Иорданиядан келген 14 зыяратчы каза болду. Дагы 17 зыяратчы дайынсыз болууда. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигине билдирди.
Катуу ысыктан кеминде алты зыяратчы каза болду. Бүгүн 17-июнда кечке маал Меккеде абанын температурасы +47 градуска жетери күтүлүүдө. Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги абанын температурасы кескин жогорулаарын эскертип, зыяратчылардан саат 11:00-15:00 аралыгында көчөгө чыкпоону суранды.Былтыр Меккеге ажылыкка 1 миллион 800 миң зыяратчы барган. Ажылык 14-июнда башталып, 19-июнда аяктайт.