
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов санкциялык чектөөлөрдүн бузулушуна байланыштуу 20-июлда аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.
Министрлик тараткан маалыматта элчи Кыргызстанда Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө жол берилгени тууралуу маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн чакыртылган деп айтылат.
«Дипломатка Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Орусияга каршы эл аралык санкциялык саясатты сактооого жоопкерчиликтүү мамиле жасалышы керектиги айтылды. Кыргызстандан аскердик техникаларды жабдууга колдонулуучу товарларды Орусияга реэкспорт кылуу Москванын Киевге каршы согушуна колдоо көрсөтүү катары кабылданары белгиленди», — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салганы 20-июлда белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, Кыргызстандагы RM Design and Development, «ГТМЕ Технологии», «Прогресс лидер» жана «Карголайн» компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар («Базис Трейд Прософт», «Радиотехснаб», «Регион-проф», «Технологии, системы и комплексы», «СиАйСи») АКШнын кара тизмесине киргизилди.