Санкт-Петербургда кыргызстандык 21 жаштагы кызды көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан ыргытып жиберишкенин, ал азыр реанимацияда экенин жергиликтүү 78 телеканалы кабарлады
ЖМКлар жазгандай, полицияга жабыркаган кыздын үч мекендеши жеткирилген.
Окуя 3-сентябрга караган түнү шаардагы Москва районунда болгон. Полиция балдар кызды машинага салып жатканда барган.
Мекендеш оор жаракат алганы айтылды. ТИМ маалыматты тактап жатат.