Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
5341640767678048119

Садыр Жапаров Кыргызстандын Россиядагы Элчиси Кубанычбек Боконтаевди кабыл алды

8 / 100

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы жооптуу дипломатиялык миссиясында Элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды коюп, соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурду.

Кубанычбек Боконтаев өз кезегинде Кыргызстан-Россия кызматташтыгын тереңдетүү боюнча пландар тууралуу айтып берип, эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө активдүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

22 Август 2024 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча