Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында “Германия — Борбор Азия” саммитинде сөз сүйлөдү.
Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:
“Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич,
Урматтуу Федералдык канцлер мырза,
Урматтуу мамлекет башчылары,
Экинчи Саммиттин катышуучуларын — Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин жана Германиянын Федералдык канцлерин көргөнүмө чын дилимден кубанычтамын.
Казакстандын президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич Токаевге салттуу меймандостугу жана бүгүнкү иш-чарага мыкты шарттарды түзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Ушул форматта экинчи Саммитти өткөрүү — 2023-жылы стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөн Германия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташууну тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендигин айгинелейт.
Дүйнөлүк саясатта Борбор Азия регионунун ролу барган сайын өсүүдө.
Чындыгында, кылымдар бою биздин элдер Жибек жолунун боюнда — бул маанилүү трансконтиненталдык байланыш артериясында ар дайым маанилүү ролду ойношкон.
Менин түшүнүгүм боюнча, регионалдык жана региондор аралык интеграция биздин жалпы келечегибиздин негизги компоненттеринин бири.
Биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын ырааттуу жана ар тараптуу бекемдөөнү жактайбыз.
Биздин саясий эркибизди жана колдо болгон ресурстарды, биринчи кезекте, экономикалык интеграциянын нугуна бириктирүү, албетте, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жашоо деңгээлин жакшыртууга жана бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Германия эл аралык аренада маанилүү ролду ойнойт.
Германиялык кесиптештерибиз үчүн да бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары биздин регион менен өз ара аракеттенүү инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем.
Ушуга байланыштуу, биздин өз ара аракеттенүүнүн форматы конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталат деп ишенем.
Урматтуу Саммиттин катышуучулары,
Биздин региондо өнүгүү үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар: гидроресурстары менен кошо табигый ресурстарга, металлдардын бардык түрлөрүнө, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарга, “жашыл энергетиканын” бардык түрүнүн зор потенциалына, динамикалуу, эмгекчил жана жогорку билимдүү адам ресурстарына бай.
Ошону менен бирге глобалдашуу шарттарында климаттын өзгөрүү маселелерине биздин биргелешкен өзгөчө көңүл буруубуз талап кылынат, алар орточо температура Жердин башка аймактарына караганда тез өсүп жаткан Борбор Азия үчүн олуттуу коркунуч болуп саналат.
Ошол эле учурда региондун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тоолуу экосистемалары климаттын өзгөрүшүнө кыйла аялуу болуп чыкты.
Мисалы, акыркы 70 жылда Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн аянты 16%га кыскарган, ал эми кылымдын аягында биз мөңгүлөрдүн 80%дан ашыгын жоготушубуз мүмкүн.
Бул бүтүндөй Борбор Азия регионунда суунун тартыштыгына алып келиши мүмкүн, биздин региондо калктын туруктуу өсүшүнүн жана экономиканын өнүгүшүнүн шартында ага болгон муктаждык ансыз деле өсүүдө.
Белгилүү болгондой, Германия дагы климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу жана кылдаттык менен пайдаланууга өзгөчө көңүл бурат.
Буга байланыштуу Германия менен бирдикте Бишкек шаарында Энергияны натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду түзүүнү сунуштайбыз.
Бул демилгени региондун илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү жана мындай технологияларды жараткан борборду түзүү менен кошо биргелешип ишке ашыруу бизге суу, энергетика жана башка ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга жана бүткүл региондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Региондун климаттык туруктуулугун жогорулатуу жана конкреттүү инфраструктуралык “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу менен аз көмүртектүү өнүгүүгө өтүү боюнча биргелешкен кызматташуу маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда.
Бул контекстте биз Германия Өкмөтүнүн “Жашыл Борбор Азия” демилгесинин, анын ичинде Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча регионалдык стратегияны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жана өз убагында болгондугун белгилейбиз.
Демилгенин алкагында алдыңкы билимди жана технологияны өткөрүп берүү климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана бардык өлкөлөрүбүздүн «жашыл» өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү шексиз.
Ошол эле учурда Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн климаттык каржылоонун жетишсиздигин, бардык климаттык жана экологиялык чараларды кеңири мамлекеттик каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун эске алып, мамлекеттик карызды климаттык жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизми катары “жашыл” долбоорлорго алмашуу мүмкүнчүлүгүн да кароону сунуштайбыз.
Суу-энергетикалык ресурстар темасын улай, эң ири регионалдык долбоорлордун бири болуп кала турган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун өзүнчө бөлүп айткым келет.
Азыркы учурда биз өлкөдө ушул жана башка гидроэнергетикалык объекттерди куруу үчүн инвесторлорду жана технологияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз.
Албетте, ар бир ишкер тигил же бул өлкөгө каражат салуунун – инвестиция жасоонун алдында, өз салымдарынын экономикалык аспектилерин, мыйзамдарды, коопсуздук жана кепилдик маселелерин изилдейт.
2024-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасында “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ушул Мыйзам экономикалык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуунун тартибин белгилейт.
Кызмат адамдарына карата жазалоо чаралары да каралган: