
Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти кызматына бүгүн, жума күнү Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы менен Сенатынын (парламенттин төмөнкү жана жогорку палатасы) биргелешкен жыйынында киришти.
Инаугурация аземи өлкөнүн улуттук телеканалы аркылуу түз көрсөтүлдү. Сенаттын чоң жыйындар залында депутаттардан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Конституциялык соттун судьялары, Ташкентте аккредиттелген дипломатиялык ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.