Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында ошондой эле Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат!

  • Жеке коопсуздугуңуз үчүн көчөгө сейилдеп чыгуудан карманыңыз;
  • Унааңызды бак-дарактын жана имараттын түбүнө токтотпоңуз;
  • Турак жай жана имараттагы эшик-терезелерди жабыңыз.

☎️Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышыңыз!
📸 Иллюстрациялык сүрөт чагылдырылды.

От admin